Бишкектин айрым аймактарында бүгүн, 8-октябрда, саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Суу берүү «Батыш-2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймак:
Чыңгыз Айтматов проспектиси — темир жол тилкеси — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Дмитров көчөсү — Орозов көчөсү — Казаков көчөсү — Чүй проспектиси — Ала-Арча суусу — Жибек-Жолу проспектиси — И. Айдарбеков көчөсү — М. Фрунзе көчөсү — Турусбеков көчөсү — Чүй проспектиси — Чыңгыз Айтматов проспектиси — темир жол тилкеси.
Бул аймактагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранды. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.



