Бишкекте коомдук транспорттун каттамдык тармагын оптималдаштыруунун алкагында №40 автобус каттамы экиге бөлүндү. Эми ал №40 жана №44 каттамдары болуп иштейт. Бул тууралуу мериядан билдиришти.
№40 каттамы “Жаңы ипподром — Чыңгыз Айтматов проспектиси” багыты боюнча жүрөт.
Каттамды бөлүү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүп, автобустарды күтүү убактысын кыскартууга жана каттамдардын жүрүшүн жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле бул чара автобустарды натыйжалуу пайдаланууга, жол тыгындарын азайтууга жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.



