Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барды

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга келди.

Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Президентти траптан Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды. Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын жана КМШ мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна жана КМШ мамлекеттер башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар