Башкы беткеКоомОш – Манас жолу төрт тилке болуп кеңейтилет

Ош – Манас жолу төрт тилке болуп кеңейтилет

Ош–Манас автожолун төрт тилкеге чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, 8-октябрда министрдин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Азия өнүктүрүү банкынын адиси Майкл Аньяла менен жолду реконструкциялоо долбоорун талкуулады.
Жолугушууда Ош–Манас жолун жаңылоо менен катар «жашыл жолдорду» өнүктүрүү, электрондук логистиканы киргизүү жана мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттерди жаңылоо маселелери да каралды.
Министрликтин маалыматына ылайык, 9-октябрда Азия өнүктүрүү банкынын жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Ош–Манас автожолунун реконструкциялоого муктаж тилкелерин жеринен көрүп чыгышат.
Ош–Манас жолу Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) программасынын үчүнчү транспорттук коридоруна кирет.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын аягында Ош–Манас багытындагы Өзгөн шаарын айланып өткөн акы төлөнүүчү жол курулуп, пайдаланууга берилген. Аталган жолдун узундугу 14 чакырымды, туурасы 22 метрди түзөт. Долбоордун алкагында узундугу 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө курулган.
Жол аркылуу өтүү үчүн жеңил автоунаалардан 200 сом, жүк ташуучу унаалардан 700 сом өлчөмүндө акы алынат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар