Орок айылында жайгашкан “Бишкек арена” стадионунун курулушуна кеткен чыгымдын акыркы суммасы азырынча аныктала элек. Анын наркы 300 миллион доллардан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-октябрда “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, алгач стадиондун курулушу болжол менен 60 миллион долларга бааланган. Бирок ошол учурда азыркыга караганда чаканыраак стадион куруу каралган.
“Азыр 300 миллиондон ашык доллар тууралуу сөз болуп жатат. Комиссия ишин жыйынтыктай элек, учурда эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында жалпы сумма так айтылат”, — деди Орунтаев.
Ал стадиондун курулушунда долбоорлоо жана куруу иштери катар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле заманбап технологиялар колдонулуп, Европа менен Кытайдын тажрыйбасы жана аймактын сейсмикалык өзгөчөлүктөрү эске алынганын айтты.
51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек аренада” алгачкы ири иш-чара 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи учурунда өткөн. Ал эми 5-октябрда стадиондун расмий ачылышы болгон.



