Башкы беткеКоомКара-Суу базарын Президенттин Иш башкармалыгы көзөмөлдөйт

Кара-Суу базарын Президенттин Иш башкармалыгы көзөмөлдөйт

Оштогу “Туратали” деген ат менен белгилүү Кара-Суу базары Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кирди. Бул тууралуу базардын Фейсбуктагы баракчасында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготту. Соодагерлер 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүшү керек.

Кара-Суу базары 1984-жылы негизделген. Ал үчүн ошол кездеги Киров колхозунан 12 гектар жер бөлүнүп берилген. 1987-жылы базар Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемендик алгандан кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөрүлгөн. 1990-жылдардын башында өкмөт базарды өз карамагына кайтарып алган.

Базардын менчигине байланыштуу талаш-тартыштар ошондон тартып башталган. Ош облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан. Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду Керек-жарак коомунун бул мүлккө ээлик кылууга укугу болбогонун жүйө келтирип келген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар