Башкы беткеКоомЧүй облусунун 100 жылдыгына карата тарыхый инсандар эскерилди

Чүй облусунун 100 жылдыгына карата тарыхый инсандар эскерилди

2026-жылдын 10-октябрында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарындагы тарыхый инсандардын эстеликтерине таазим кылуу жана гүлчамбар коюу иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жана Чүй облусунун ардактуу аксакалдары катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өчпөс отко, Алыкул Осмоновдун, Бүбүсара Бейшеналиеванын, Аалы Токомбаевдин жана Чыңгыз Базарбаевдин эстеликтерине гүлчамбарлар коюлуп, алардын өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган көргөзмөлөр, көркөм окуулар уюштурулууда.

Иш-чаранын негизги максаты — Чүй облусунан чыккан тарыхый инсандардын жаркын элесин эскерүү, алардын улуттук маданиятка жана тарыхка кошкон салымын даңазалоо, кийинки муундарга тарыхый мурасты жеткирүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар