Башкы беткеКоомКыргыз театрынын 100 жылдыгына карата «Чоң казат» спектакли коюлат

Кыргыз театрынын 100 жылдыгына карата «Чоң казат» спектакли коюлат

Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракесине карата көрүүчүлөргө «Чоң казат» аттуу кино-жомок жанрындагы спектакль тартууланат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклдин өзөгүн кыргыз элинин руханий дөөлөтү жана улуттук аң-сезиминин негизи болгон «Манас» эпосу түзөт.

Чыгармада ар кайсы доордо жашаган инсандардын тагдырлары бир мейкиндикте кесилишип, алардын тарыхый бейнелери аркылуу адамдык сапаттары жана ички дүйнөсү ачылат. Спектаклде өткөн тарых менен бүгүнкү күн айкалышып, адамдын руханий изденүүсү жана жашоодогу түбөлүктүү суроолор чагылдырылат.

Спектаклдин автору жана режиссёру — Уланбек Баялиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар