Башкы беткеКоомЭр-Рияддагы аэропортко жасалган соккулардан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Эр-Рияддагы аэропортко жасалган соккулардан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарындагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында азыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда министрлик Сауд Аравиясындагы кырдаалга байланыштуу аталган өлкөгө барууну пландап жаткан жана учурда анын аймагында жүргөн мекендештерди жеке коопсуздук чараларын көрүүгө чакырды.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салып, алардын көрсөтмөлөрүн аткаруу, авиакаттамдардын макамын авиакомпаниялардан жана аэропорттордон алдын ала тактоо сунушталды. Мындан тышкары, кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга жана кирүүгө чектөө коюлган жерлерге баруудан кармануу керектиги белгиленди.

Консулдук-укуктук жардам алуу же кошумча маалымат тактоо үчүн Кыргызстандын жарандары Сауд Аравиясындагы элчиликке төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат:

  • +966 58 376 9945
  • +966 11 229 32 72

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин +996 999 312 002 номери аркылуу байланышууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар