Мырзакматов Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош облустук филиалына дайындалган жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды. Жаңы жетекчи Садык Мырзакматовту жамаатка Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары, түштүк аймагынын куратору Алима Нурланова тааныштырды.
Садык Мырзакматов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек жана Чүй филиалдарынын директорлорунун орун басарлары кызматтарында иштеген. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ.
Ал 2016–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгында финансылык-экономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
2019–2021-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, ал эми 2021–2023-жылдары Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.



