Кыргызстан 2027-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн IV оюндарын кабыл алат. Бул чечим КМШ мамлекеттеринин Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Жыйындын катышуучулары Бишкек шаарына 2027-жылы «Шериктештиктин спорттук борбору» макамын ыйгарууну бир добуштан колдошту. Мындан тышкары, Кыргызстан ошол жылы Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешке төрагалык кылат.
Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн алгачкы оюндары 2021-жылы Орусиянын Казань шаарында өткөн. Экинчи оюндар 2023-жылы Беларустун Минск шаарында, үчүнчүсү 2025-жылы Азербайжандын Гянжа шаарында уюштурулган.



