Башкы беткеКоомӨлкөдө акча алмаштырууда паспорт көрсөтүү милдеттүү болду

Өлкөдө акча алмаштырууда паспорт көрсөтүү милдеттүү болду

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда алмаштырылуучу сумманын көлөмүнө карабастан, кардарлар паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган. Документ кабыл алынган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруучу жайларда чет өлкө валютасын алмаштырууда кардарлар өздүгүн тастыктаган документин көрсөтүшү керек. Бул талап алмаштырылуучу акчанын суммасына карабастан колдонулат.

Демек, жаңы тартип күчүнө киргенден кийин акча алмаштырууга барган жарандар паспортун же өздүгүн тастыктаган тиешелүү документин ала баруусу зарыл.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар