Башкы беткеКоомПанфилов паркында жаңы амфитеатр ачылды

Панфилов паркында жаңы амфитеатр ачылды

Бишкектеги Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ачылыш аземине катышкан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мындай жайлар шаарды көрктөндүрүү менен катар тургундардын маданий эс алуусуна шарт түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, амфитеатр мурда паркта өткөрүлүп келген музыкалык жана бий иш-чараларынын салтын улантууга, маданий баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп берүүгө өбөлгө болот.

Эми бул жерде ар жума жана ишемби күндөрү мэриянын уюштуруусунда концерттик программалар, артисттердин жана элдик өнөрпоздордун өнөрлөрү тартууланат. Ал эми башка күндөрү амфитеатр коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонулат.

Жаңы жай шаар тургундарынын жана борбор калаанын конокторунун эс алуусуна, маданий иш-чараларга катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар