Бишкекте Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү, анимацияны жана балдар контентин мамлекеттик колдоо маселелери каралды.
Жыйын бүгүн, 20-октябрда Ынтымак Ордодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун катышуусунда өттү. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, тармактык мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын тогуз айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин буга чейинки жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланды.
Ошондой эле ата мекендик анимацияны, дубляжды жана улуттук балдар контентин өндүрүүнү мамлекеттик колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды.
Улан Маматканов ата мекендик киноиндустрияны системалуу өнүктүрүү, чыгарылып жаткан кинопродукциялардын сапатын жогорулатуу жана чыгармачыл ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз киносунун эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөнүн зарылдыгына токтолду.
Жыйындын жыйынтыгында тармакты мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Улуттук кинематографияны колдоо, сапаттуу ата мекендик тасмаларды жаратуу жана балдар үчүн улуттук контентти өнүктүрүү өлкөнүн маданий мурасын сактоого жана кыргыз киносунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.



