Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы административдик имаратынын, ошондой эле өлкө боюнча Ички иштер министрлигинин тутумундагы 42 объектинин ачылышына катышты.
Иш-чара кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгынын алкагында өткөрүлдү.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды куруу жана автоунаа паркын жаңылоо “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү милиция ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин катышуусунда онлайн форматта өлкөнүн аймактарындагы ИИМдин 42 объектиси ачылды. Алардын катарында райондук ички иштер бөлүмдөрү, шаардык милиция бөлүмдөрү, бала бакча жана башка объектилер бар.
Андан соң Мамлекет башчысы Бишкек ШИИБ Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы үч кабаттуу административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
Имаратта кызматкерлердин ишин уюштуруу жана күнүмдүк кызмат өтөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Бул жерде “Санариптик кайгуул” борбору, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казармалык жайлар жана кызматтык бөлмөлөр жайгашкан.
Ачылыш аземинен кийин Садыр Жапаров ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Андан соң Президент полктун аймагы менен таанышып, футбол талаасын, автоунаа паркын, кызматтык жана атайын техникаларды көрүп чыкты. Түзүлгөн инфраструктура кызмат өтөө, кызматкерлердин дене даярдыгын колдоо жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлерине 102 жаңы унаа, анын ичинде кайгуулдук унаалар жана атайын техника тапшырылды.


