Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 10–12-ноябрь күндөрү Түркияга жумуш сапары менен барат.
Сапардын алкагында ал Анталья шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясына (COP31) катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев конференциянын ачылыш аземине жана тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөө, мөңгүлөрдү жана криосфераны сактоо, биргелешкен жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги сессияга катышат.

