2–3-ноябрда Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар иштери боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Ага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.
Жыйын Кеңештин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана КМШнын негизделгенинин 35 жылдыгына арналды.
Иш-чарада мүчө мамлекеттердин жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, жаштар менен иштөөдөгү актуалдуу маселелер, учурдагы чакырыктар жана келечектеги пландар талкууланды.
Ошондой эле Союзбек Надырбеков 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык жаштар конкурсун уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын негизги максаты — мамлекеттер аралык жаштар кызматташтыгын бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү болду.


