Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу станциянын 2026-жылдын 4-ноябрына карата маалыматына ылайык белгилүү болду.
Маалыматка караганда, ЖЭБдин орточо электр кубаттуулугу 290 МВтты түзөт. Электр энергиясын өндүрүү көлөмү 7 022 млн кВт·саатка, ал эми жылуулук энергиясын берүү 8,7 миң Гкалга жеткен.
Станцияда жалпысынан 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок бар. Учурда алардын ичинен 8 казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.
Ал эми көмүр кампасында 256 миң 389 тонна көмүр топтолгон.


