Башкы беткеМинистрлер кабинетиКурулушу кечеңдеген 31 компанияга жаңы объектилерди баштоого уруксат берилбейт

Курулушу кечеңдеген 31 компанияга жаңы объектилерди баштоого уруксат берилбейт

4-ноябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктай албай жаткан 31 компаниянын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда жарандардын арыздарынын негизинде курулушу кечеңдеп жаткан объектилердин абалы каралды.

Министр ар бир объекттин курулуш жүрүшү менен өзүнчө таанышып, компания өкүлдөрүнөн иштердин эмне себептен кечигип жатканы тууралуу маалымат алды.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө курулушу белгиленген мөөнөттө бүтпөй жаткан компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырылды. Ошондой эле инспекторлорго мындай курулуштарды тыкыр көзөмөлгө алуу милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары, айрым компаниялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдар укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары биринчи кезекте өз милдеттенмелерин аткарып, жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи. Анын айтымында, негизги максат — курулушу кечеңдеп, батирлерин ала албай жаткан жарандардын турак жай маселесин чечүү.

Белгилей кетсек, буга чейин министрдин буйругу менен курулуштун «нөл цикли» аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардын жана юридикалык жактардын каражаттарын тартууга жана объектилерди жарнамалоого тыюу салынган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар