Башкы беткеЭкономикаБУУ Кыргызстанды темир жол ташуулары боюнча конвенцияны ратификациялаган алгачкы өлкө деп атады

БУУ Кыргызстанды темир жол ташуулары боюнча конвенцияны ратификациялаган алгачкы өлкө деп атады

БУУнун Башкы катчысынын орун басары Татьяна Молчан аймактык кызматташтык экономикалык өнүгүүдө негизги мааниге ээ экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунда айтты.

Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө экономиканын бардык багыттарын өнүктүрүүдө салттуу жана техникалык-саясий чечимдер менен катар санариптик өнүгүүгө да көңүл буруу зарыл.

Татьяна Молчан Кыргызстандын темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууда чек арадан өтүү шарттарын жеңилдетүү боюнча БУУнун конвенциясына кол коюп, аны ратификациялаган аймактагы биринчи өлкө болгонун белгиледи.

Ал форумдун жыйынтыгында бул багыттарды өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланып, конкреттүү чечимдер кабыл алынарына ишеним билдирди.

«Биз аймактык кызматташтыкты, айрыкча транспорттук байланыштарды чыңдоо жана экономиканы өнүктүрүү жаатындагы аракеттерди дайыма колдойбуз. Бүгүнкү диалогдун жыйынтыгында бул багытты мындан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылып, талкууланат деп ишенем», — деди Татьяна Молчан.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы СПЕКАнын Экономикалык форуму «СПЕКА аймагында туруктуу өнүгүү үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» темасында өтүүдө. Иш-чара БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча Экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) жана Европалык экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган. Быйыл программага Кыргызстан төрагалык кылууда.

Форумдун алкагында туруктуу транспорт жана логистика, соода жол-жоболорун жеңилдетүү, электрондук соода, санариптик байланыш, чакан жана орто бизнес, инновациялар, аялдардын ишкердиги жана инфраструктураны каржылоо маселелери талкууланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар