Башкы беткеМинистрлер кабинетиМанас шаарында 1065 батирлүү «Асман Резиденс-7» турак жай комплекси ачылды

Манас шаарында 1065 батирлүү «Асман Резиденс-7» турак жай комплекси ачылды

Манас шаарында 1065 батирлүү «Асман Резиденс-7» турак жай комплексинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы дагы 16 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылышына онлайн форматта күбө болду.

«Асман Резиденс-7» турак жай комплекси 15 кабаттуу 12 блоктон туруп, жалпысынан 1065 батирди камтыйт. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев мамлекеттик ипотекалык программа жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоонун маанилүү механизмдеринин бири экенин белгиледи.

Ошондой эле Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айландыруу максаты коюлганын айтты. Анын белгилешинче, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу шаардын соода, өндүрүш жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жаңы шарттарды түзөт.

«Биз күчтүү мамлекетти бекем үй-бүлөлөр аркылуу курабыз», – деди Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, онлайн ачылган 16 объекттин катарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорттук-маданий жайлар бар.

Ошондой эле Манас шаарындагы 600 батирлүү «Асман-8» жана Сузак районундагы 312 батирлүү «Асман-14» турак жай комплекстери да пайдаланууга берилди.

Жаңы объекттердин ачылышы аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга, калкты турак жай менен камсыздоого жана экономикалык өнүгүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар