Башкы беткеКоомЭкологиялык рейд: Токмокто айдоочуларга 53 миң сом айып салынды

Экологиялык рейд: Токмокто айдоочуларга 53 миң сом айып салынды

Токмок шаарында автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын абага тийгизген таасирин азайтуу максатында экологиялык рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө экологиялык талаптарды бузган беш унаа аныкталды.

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте жүргүздү.

Текшерүүдө беш автоунаадан чыккан зыяндуу заттардын көлөмү белгиленген ченемден ашып кеткени аныкталган. Бул фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протоколдор түзүлүп, айдоочуларга жалпы 53 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, рейд учурунда айдоочуларга абанын булганышынын кесепеттери жана автоунаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар