Башкы беткеКоомОш шаарынын мэри тургундардын көйгөйлөрүн укту

Ош шаарынын мэри тургундардын көйгөйлөрүн укту

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн талкуулады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар балдар аянтчасын жана откана куруу, маршруттук каттамдардын графигин жакшыртуу, жер тилкелерине байланышкан талаштар, газ жана электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү.

Мэр айтылган көйгөйлөрдүн айрымдары менен жеринен таанышарын белгиледи. Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар