Ысык-Көл облусунда эс алуу борборлору, мейманканалар, апартаменттер жана турак үйлөрдү камтыган 23 курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда курулуш иштеринин бекитилген долбоорлорго шайкештиги, курулуш ченемдери менен эрежелеринин сакталышы жана техникалык коопсуздук талаптары каралды. Ошондой эле курулуш тармагында киргизилген жаңы талаптардын аткарылышы текшерилди.
Текшерүүгө алынган объектилердин басымдуу бөлүгү Кара-Ой айылында жайгашкан. Алардын арасында «Турпан Парк», «Турпан Резорт», «Форте Вилладж», «Алтын-Кум-Плюс» жана «Ак-Бермет» эс алуу борборлору бар.
Мындан тышкары, Тамчы айылындагы «Урпак Резорт», «Тамчы-Резорт», «СКБ» эс алуу борбору, Бостери айылындагы «Даймонд Резорт», «Имарат Резорт», «Номад» туристтик комплекси жана Чолпон-Атадагы «Ак-Кеме Резорт» да текшерилген.
Ошондой эле Сары-Ой, Чок-Тал айылдарындагы жана Шайыбек Ата айыл аймагындагы курулуш объектилери көзөмөлгө алынган.

