Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 16-ноябрда Брюсселде Европа Биримдиги менен өз ара байланыштуулук жана коопсуздук маселелерине арналган экинчи жогорку деңгээлдеги министрлер жолугушуусуна катышты.
Жолугушууга Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана бир катар башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Медер Абакиров өз сөзүндө Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт, санариптештирүү, энергетика жана финансылык-экономикалык тармактардагы кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Өзгөчө көңүл Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна, логистикалык инфраструктураны модернизациялоого жана бул долбоорлорго европалык инвестицияларды тартууга бурулду.
Ошондой эле алыскы аймактарда интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселелери талкууланды.
Энергетика тармагында электр тармактарын жаңылоо, инфраструктураны модернизациялоо жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча каржылык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлык билдирилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлү Европа Биримдигинин санкциялык саясатына да токтолуп, европалык өнөктөштөр менен бул багытта ачык жана тыгыз диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

