Башкы беткеИлимИлимий кызматкерлер үчүн кыргыз тилинде жазуу курсу башталды

Илимий кызматкерлер үчүн кыргыз тилинде жазуу курсу башталды

Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту илимий кызматкерлердин мамлекеттик тилде жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган окуу курсун баштады.

Курс 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң залында ачылды.

Окуу программасы илимий жана иштиктүү стилдердин тилдик нормаларын өздөштүрүүгө, академиялык жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга, адабий тилдин эрежелерин сактоого жана илимий эмгектерди мамлекеттик тилде сапаттуу даярдоого багытталган.

Ага илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери катышууда. Окуу курсу 11-декабрга чейин уланат.

Долбоор 2026–2028-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар