Башкы беткеКоомКожажаш – адам менен табияттын ортосундагы улуу сабак

Кожажаш – адам менен табияттын ортосундагы улуу сабак

         Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеўири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында бул жолу “Кожожаш” эпосуна токтолобуз

Кыргыз элинин руханий казынасында өзгөчө орунду ээлеген «Кожожаш» эпосу адам менен табияттын ортосундагы татаал мамилени, адамдык жоопкерчиликти жана жаратылыш мыйзамдарын терең чагылдырган чыгарма. Анда бир мергендин тагдыры аркылуу бүтүндөй адамзатка тиешелүү олуттуу маселе көтөрүлөт. Кожожаштын образы — ашкере текебердик менен табияттын мыйзамдарын тааныбоонун кесепеттерин көрсөткөн татаал образ.

Эпостун жаралышына негиз болгон элдик аңыздарда Кожожаш оорчулук мезгилде элди ачарчылыктан сактап калган мыкты мерген катары сүрөттөлөт. Ал аңчылык өнөрүн мыкты өздөштүрүп, элдин тиричилигине чоң салым кошкон. Бул жагынан алганда, Кожожаш өз өнөрү менен коомго кызмат кылган, эл камын ойлогон адам. Анын алгачкы аракеттеринен адам менен табияттын ортосундагы табигый байланыш, адамдын жаратылыш байлыктарын жашоо үчүн пайдалануу зарылдыгы чагылдырылат.

Бирок чыгарманын жүрүшүндө Кожожаштын мүнөзү өзгөрүлүп, өзү күтпөгөн терс каарманга айланат. Ал өзүнүн мергенчилик чеберчилигине ашыкча ишенип, табияттын мүмкүнчүлүктөрүн чексиздей кабыл ала баштайт. Касиеттүү кайберен Сур эчки менен болгон тиреши анын адамдык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин унутуп, табиятка үстөмдүк кылууга умтулганын көрсөтөт. Мына ушул жерден эпостун негизги философиялык терең мазмуну ачылат десек болот.  Адам табиятты пайдаланууга укуктуу болгону менен, аны чексиз бийлөөгө укугу жок экенин айгинелейт.

Кожожаштын образын тереңдеткен негизги көрүнүштөрдүн бири катары  анын Сур эчки менен болгон кармашын белгилейбиз. Сур эчки эпосто жөн гана жаныбар эмес, касиеттүү кайберен, жаратылыштын сырдуу дүйнөсүнүн өкүлү катары берилет. Анын образы аркылуу элдик аң-сезимде жаратылышка болгон урмат-сый, жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу түшүнүгү чагылдырылган.

Кожожаштын Сур эчкиге каршы аракеттери мергенчилик өнөрдүн чегинен чыгып, адамдын өз күчүн далилдөөгө болгон ашкере умтулуусуна айланат. Ал табияттын мыйзамдарын эске албастан, өз каалоосун ишке ашырууга аракет кылат. Натыйжада Сур эчкинин каргышына калып, өзү да трагедиялуу тагдырга кептелет. Бул окуяны жөн гана кайберендин каргышы катары эмес, табияттын мыйзамдарын бузган адамдын руханий жана моралдык жеңилүүсү катары да чечмелөөгө болот.

Кожожаштын трагедиясы анын жеке тагдыры менен гана чектелбейт. Анын артында аялы Зулайка, уулу Молдожаш жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн кайгысы калат. Кожожаштын табиятка болгон мамилесинин кесепети жакындарынын жашоосуна да таасирин тийгизет. Бул жагдай эпостун идеялык мазмунун тереңдетип, адамдын ар бир аракетинин коомдук жана үй-бүлөлүк жоопкерчилиги бар экенин көрсөтөт.

Айрыкча Молдожаштын чоңойгондо атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостогу муундар ортосундагы байланышты ачып берет. Атасынын трагедиясы уулунун тагдырына да таасирин тийгизет. Мында адам менен табияттын ортосундагы жаңжал бир муун менен бүтпөй, кийинки муунга да өтүп кетиши мүмкүн деген терең ой камтылган. Ошол эле учурда бул окуя өч алуу менен көйгөйдү чечүүгө умтулуунун ордуна, табият менен гармонияда жашоонун зарылдыгын ойлонууга түрткү берет.

Кожожаштын образынын дагы бир маанилүү жагы  анын карама-каршылыктуу мүнөзү. Ал бир жагынан элди ачарчылыктан сактаган, өнөрлүү, кайраттуу мерген болсо, экинчи жагынан мергендигине  ашыкча ишенип, табияттын чегин тааныбай калган адам. Дал ушул эки жактуулук каармандын образын көркөм жактан таасирдүү кылат. Элдик чыгарма Кожожашты бир жактуу күнөөлөбөйт, анын тагдыры аркылуу адамдын мүмкүнчүлүгү менен жоопкерчилигинин ортосундагы тең салмактуулукту көрсөтөт.

Кожожаш» эпосунун бүгүнкү күндөгү мааниси да өзгөчө. Азыркы мезгилде адамзат экологиялык кризиске, климаттын өзгөрүшүнө, токойлордун кыйылышына, суулардын булганышына жана жапайы жаныбарлардын азайышына туш болууда. Мунун негизги себептеринин бири адамдын табиятка болгон керектөөчүлүк мамилеси. Биз кээде жаратылышты өз кызыкчылыгыбыз үчүн гана пайдаланылуучу байлык катары кабыл алабыз. Бирок эпостун мазмуну табияттын ар бир бөлүгүнүн өз орду жана жашоо укугу бар экенин эске салат.

Кожожаштын тагдыры бүгүнкү адамзат үчүн да чоң сабак. Табиятка жасалган ар бир мамиле эртеңки күндүн келечегине таасирин тийгизет. Эгер биз жаныбарлар дүйнөсүн коргобосок, токойлорду сактабасак, сууларыбызды таза кармабасак, келечек муундарга кандай дүйнөнү калтырабыз? Бул суроолор эпостогу окуялар менен азыркы турмуштун ортосундагы руханий байланышты айкын көрсөтөт.

Жыйынтыктап айтканда, Кожожаштын образы адамзаттын табият алдындагы жоопкерчилигин эскерткен түбөлүктүү көркөм образ. Анын тагдыры аркылуу кыргыз эли адамдын күчү канчалык зор болбосун, ал жаратылыштын мыйзамдарынан жогору тура албасын көрсөткөн. Эпостун негизги идеясы адам менен табият бири-бирине каршы турбастан, өз ара сый-урматта жана тең салмактуулукта жашашы керек деген ойду көрсөтөт.

Кожожаштын трагедиясы бизге табиятты жеңүүгө эмес, аны түшүнүүгө; аны пайдаланууга гана эмес, сактоого; анын байлыгын алууга гана эмес, кийинки муундарга жеткирүүгө үйрөтөт. Анткени адам табияттан тышкары жашай албайт. Табияттын тагдыры  адамзаттын тагдыры, ал эми аны коргоо ар бирибиздин адамдык жана атуулдук милдетибиз.

 

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,

 “Кыргыз Туусу”

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар