Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектеги Юнус Эмре атындагы түрк маданий борборунун директору Синан Яман мырза «Кыргыз туусу» маалымат-басма үйүнө атайын келип, мекеменин башкы директору Галина Байтерек жана «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын башкы редактору Маркабай Ааматов менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-түрк адабий жана маданий байланыштарын өнүктүрүү, эки элдин руханий мурастарын кеңири жайылтуу, адабият жана искусство жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук жана маданий алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүүдө басма сөздүн, адабий журналдардын жана маданий мекемелердин орду өзгөчө экендигин белгилешти. Ошондой эле биргелешкен адабий иш-чараларды өткөрүү, түрк жана кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн өз ара таанытуу, чыгармачыл адамдардын байланышын кеңейтүү багытында кызматташуу тууралуу макулдашышты.
Жылуу маанайда өткөн жолугушуу мындан аркы чыгармачыл жана маданий кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачты.


