Башкы беткеКоомБорбордо жаңы автобустарды сатып алууга 500 млн сом бөлүнөт

Борбордо жаңы автобустарды сатып алууга 500 млн сом бөлүнөт

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун жетишсиздигин жоюу максатында жаңы автобустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 500 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев шаардагы коомдук транспорттун жетишсиздигине көңүл бурду. Анын айтымында, өзгөчө эртең менен жана кечки маалда жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн улам автобустарга батпай, эл бир топ кыйынчылыктарга туш болууда.

Депутат мэрден жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден бул көйгөйдү чечүү үчүн кошумча автобустарды сатып алуу пландары тууралуу сурады.

Мэрдин маалыматына караганда, учурда Бишкекте 1 миң 631 автобус каттамда жүрөт. Бирок шаардын транспорттук муктаждыгын толук камсыз кылуу үчүн дагы 1,5 миңге жакын коомдук транспорт бирдиги талап кылынат.

Жунушалиев жергиликтүү бюджеттен жаңы автобустарды сатып алууга 500 миллион сом бөлүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Бул багытта компаниялардын бири менен тиешелүү келишим да түзүлгөн.

«20-январга чейин 65 чакан автобус келет. Транспорт сатып алуу боюнча иштер улантылат», — деди шаар мэри.

Ошондой эле жыйында коомдук транспортко болгон муктаждык Бишкек шаарында гана эмес, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда да жогору экени белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар