Башкы беткеМинистрлер кабинетиНурдан Орунтаев курулуш компанияларына батирлерди мөөнөтүнөн мурда сатпоону эскертти

Нурдан Орунтаев курулуш компанияларына батирлерди мөөнөтүнөн мурда сатпоону эскертти

Курулуш министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугуп, тармактагы талаптардын аткарылышы жана турак жай сатып алуучулардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулады.

18-ноябрдагы жыйында курулуш аянтчаларындагы тазалык, курулуш калдыктарын чыгаруу жана компаниялардын жоопкерчилиги өзүнчө каралды.

Министр курулуш объектилери менен анын айланасын таза кармоону талап кылып, калдыктарды убагында чыгаруу керектигин белгиледи. Ошондой эле бул багытта Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине туруктуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, министр курулуш объектиси нөлдүк циклден өтмөйүнчө батирлерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынганын эске салды. Компания жетекчилерине бул талапты так сактоо тапшырылды.

Орунтаев курулуш иштерин баштоодо каржылык милдеттенмелерди алдын ала эсептеп, долбоорлорду туура башкаруу зарылдыгына да токтолду. Анын айтымында, бул турак жай сатып алуучулардын тобокелдиктерге кабылышын алдын алууга жардам берет.

Жолугушууда министр ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн, бирок мыйзам талаптарын бузган компанияларга чара көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле курулушта заманбап технологияларды жана долбоорлоо ыкмаларын колдонууга чакырды.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, курулуш компанияларынын жетекчилери тармактагы көйгөйлөр боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар