Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте вакциналарды сактоочу жаңы кампа ачылды

Бишкекте вакциналарды сактоочу жаңы кампа ачылды

Бишкекте вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампа пайдаланууга берилди. Ал борбор калаада жашаган 350 миңге жакын баланы эмдөө үчүн вакциналарды сактоо жана медициналык мекемелерге жеткирүүдө маанилүү роль ойнойт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, объект Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесинин негизинде Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте курулган. Долбоорго Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) каржылык колдоо көрсөтүп, ЮНИСЕФ техникалык жардам берген.

Жалпы аянты 130 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имараттын курулушуна 9,6 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Кампада вакциналарды талап кылынган температурада сактоочу атайын бөлмөлөр, эмдөөгө керектүү материалдар үчүн өзүнчө жайлар жана препараттарды медициналык мекемелерге жеткирүүгө ылайыкталган инфраструктура бар.

Ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Министрдин айтымында, жаңы кампа вакциналардын сапатын жана коопсуздугун сактоого, аларды медициналык уюмдарга өз убагында жеткирүүгө шарт түзөт. Ошондой эле бул объект жугуштуу оорулардын жайылышы жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда саламаттык сактоо системасынын даярдыгын бекемдөөгө жардам берет.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа эмдөө балдардын саламаттыгына жасалган эң натыйжалуу инвестициялардын бири экенин белгиледи. Анын маалыматы боюнча, вакциналар туура шартта сакталып, өз убагында жеткирилгенде гана натыйжалуу коргоону камсыздай алат.

Бишкектеги жаңы кампа өлкө боюнча вакциналарды сактоо тутумун жаңылоо иштеринин бир бөлүгү. Буга чейин, 2025-жылы, Жайыл районунда ушундай кампа курулуп бүткөн. Ал эми 2027-жылы Улуттук вакциналар кампасын куруу жана Өзгөн районунда жаңы кампа ачуу пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар