Башкы беткеДүйнөВенесуэла менен АКШ аскердик кызматташтыкты жандантат

Венесуэла менен АКШ аскердик кызматташтыкты жандантат

Венесуэла менен АКШ 2005-жылы токтотулган аскердик кызматташтыкты кайра жандандыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Документке Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес жана АКШнын коргоо министри Пит Хегсет кол коюшкан.

Келишим аскердик даярдыкты күчөтүүнү жана Венесуэла армиясынын курал-жарагын жаңылоону камтыйт. Ошондой эле тараптар терроризмге жана кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнү көздөшөт.

Эске салсак, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы 1951-жылы башталып, 2005-жылы Венесуэланын ошол кездеги президенти Уго Чавестин чечими менен токтотулган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар