Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында ички иштер органдарынын электрондук каттоо журналына үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,3 пайызга же 5 миң 160 учурга көп.
Берилген маалыматка ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча 7 миң 432 протокол түзүлүп, сотторго жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 3 миң 901 адам камакка алынып, 2 миң 362 адам коомдук иштерге тартылган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 31 кылмыш иши козголгон.
Статистикалык маалыматтар акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп жатканын көрсөтөт. Алсак, 2024-жылы 17 миң 316 учур катталып, бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 пайызга көп болгон.
Ал эми 2025-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 22 миң 152 фактысы катталган. Былтыр бул көрүнүшкө байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, анын кесепетинен 458 аял, 104 бала жана 94 эркек жабыркаганы аныкталган.

