2026-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Стивен Гилленден ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.

