Башкы беткеКоомОшто 300 балага ылайыкталган бала бакча пайдаланууга берилди

Ошто 300 балага ылайыкталган бала бакча пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш айылында №43 “Сүрөттүү-Таш” бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Мекеме 300 балага ылайыкталган.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин бала бакча №43 З.М. Бабур атындагы мектептин имаратында жайгашып, үч тайпада 65 бала тарбияланып келген.

Жаңы мектептин курулушу аяктагандан кийин мурдагы имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары кайра жабдылган.

Натыйжада бала бакчада 12 тайпа ачылып, 300 бөбөктү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бала бакчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар