Ош шаарында эстакадалык көпүрө курула турган аймактагы эски курулуштарды алуу жана жолдорду кеңейтүү иштери жүрүп жатат.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен Бабараимов көчөсүнөн Бекмамат Осмонов көчөсүнө чейинки жолду ачуу жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле иштер Кара-Суу, Мамажан жана Шамшат көчөлөрүндө да аткарылууда.
Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тургундардын макулдугу менен эски имараттар, коммерциялык объектилер жана турак үйлөр бузулууда.
Учурда жеринде көз карандысыз эксперттер иштеп, алынуучу мүлктөрдүн компенсация көлөмүн аныктап жатышат.
Даярдык иштери толук аяктап, жол тилкелери ачылгандан кийин асфальт төшөө башталат.

