Кыргызстандагы негизги ашууларда кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз каттамды сактоо боюнча иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Министрликте кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жыйын өтүп, анда Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Куакы, Долон, Кызыл-Бел жана Торугарт ашууларына өзгөчө көңүл бурулду.
Аталган ашууларда инерттик материалдардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын жетиштүү запасын түзүү, атайын техникаларды даяр абалга келтирүү тапшырылды.
Ошондой эле Ош – Бишкек жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларын кышкы тейлөөгө даярдоо, Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун абалын жакшыртуу маселелери каралды. Оор жүк ташуучу унаалардын тыгындарын азайтуу жана алар үчүн атайын токтотуучу жайларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» туристтик аймагына баруучу жолду талаптагыдай тейлөө тапшырылды.

