Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жана Балыкчы шаарынын акваториясында жүргүзүлгөн рейд учурунда жалпы узундугу 600 метр болгон алты эски балык уулоочу тор суудан чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейдди Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо максатында өткөргөн.

Министрлик көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддер улантыларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар