Башкы беткеСаясатБШКнын өкүлдөрү 11-декабрга чейин өлкөдөгү ЖОЖдорду кыдырат

БШКнын өкүлдөрү 11-декабрга чейин өлкөдөгү ЖОЖдорду кыдырат

23-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өлкөнүн жогорку окуу жайларында студенттер менен жолугушууларды өткөрө баштады. Маалыматтык кампания жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатууга жана жарандык жоопкерчилигин арттырууга багытталган.

БШКнын маалыматына караганда, иш-чаралар Бишкектен Ошко чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы жогорку окуу жайларын камтыйт. Ал эми алгачкы күндүн жыйынтыгында жолугушууларга катышкан студенттердин саны 2 миңден ашты.

Бишкектеги И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн жолугушууда БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова жаштардын шайлоого катышуусуна токтолду. Анын айтымында, 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 18–35 жаштагы 1,8 миллионго жакын шайлоочунун ичинен 486 миңдейи гана добуш берген.

Ал студенттерди өлкөнүн келечегине таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуудан четте калбоого чакырды.

Ал эми Ош шаарында БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана комиссиянын мүчөсү Бөдөш Мамырова Ош мамлекеттик университетинде жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде студенттер менен жолугушту.

Жолугушууларда шайлоонун мааниси, добуш берүү тартиби, шайлоо сабаттуулугу жана коомдук көзөмөл механизмдери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттерге ID-карта жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу добуш берүү жол-жоболору түшүндүрүлдү.

Маалыматтык кампания 11-декабрга чейин уланат. Бул аралыкта БШКнын өкүлдөрү өлкөнүн бардык аймактарындагы ондогон жогорку окуу жайларын кыдырышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар