«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын иш күнү билим берүү тармагындагы негизги багыттар менен таанышуу жана аларды көзөмөлдөө иш-чаралары менен коштолду.
Министр алгач министрликтеги “Бөбөктай” бөлмөсүн ММК өкүлдөрүнө тааныштырды. Министр айым бул бөлмө министрликтин кызматкерлеринин балдары үчүн түзүлгөн жай экенин атйып, ар бир мекемеге мындай шарттагы бөлмө керектигин белгиледи.
Андан соң, министр айым райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрүп, 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыктарын, мектептердеги оңдоп-түзөө иштерин, мугалимдердин эмгек өргүүсүн уюштурууну жана жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулады. Жыйындын жыйынтыгында билим берүү мекемелерин өз убагында жана сапаттуу даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Андан соң министр ЖМК өкүлдөрү менен бирге А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык-технологиялык мектепте болуп, билим берүүдөгү жаңылануу процесстери менен таанышты.
Ошондой эле «Учкун» ачык акционердик коомунда окуу китептеринин басылышы боюнча иштер каралды. Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана мектептерди заманбап окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө. 2025-жылы бул багытка мамлекеттик бюджеттен 856 миллион сом, ал эми 2026-жылы 744 миллион сом каралган. Натыйжада өлкө мектептерине 4,8 миллиондон ашык окуу китеби жана окуу-методикалык материалдар жеткирилди.
Министр ошондой эле Кыргызстандын биринчи мамлекеттик онлайн мектеби болгон «Туңгуч» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. 2025-жылы түзүлгөн онлайн мектеп учурда 2258 окуучуну камтып, кыргыз жана орус тилдеринде билим берүүдө. Долбоордун негизги максаты — жашаган жерине же ден соолугуна карабастан ар бир балага сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.
Агартуу министрлиги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу китептерин жаңылоо жана санариптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы иштерди улантууда.





