Бүгүн, 30-июнда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык заказ боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды. сыйлады. Бул – мамлекет тарабынан маалымат тармагындагы социалдык долбоорлорду биринчи жолу түздөн-түз каржылоого багытталган демилге.
Сынактын максаты – мамлекеттик саясатты маалыматтык коштоо, кыргыз тилиндеги сапаттуу контентти өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана алардын коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү.
Конкурс коомдук суроо-талаптын негизинде аныкталган 15 багыт боюнча өткөрүлүп, ага 20 долбоор катышкан. Гранттык комиссиянын чечими менен 13 долбоор жеңүүчү деп табылып, аларга сертификаттар тапшырылды. Сынак боюнча министрлик тарабынан коом үчүн маанилүү болгон 15 тематикалык багыт аныкталган. Алар экология, улуттук адабият, спорт, билим берүү, чек ара , улуттар аралык мамиле, үй-бүлө институту, миграция, кесип, маданият ж.б тармактар.
“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү кыргыз улуттук адабиятын чагылдыруу багытында 1 млн сом утуп алды.
Жеңүүчүлөрдүн катарына «Ысык-Көл кабарлары», «Тунук-Ук», «Талас байрагы», «Акыйкат», «Баткен таңы», «Чүй баяны», «Ош жаңырыгы», «Сары-Булуң», «МирСу», «Эркин Тоо», Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу, ЭлТР жана «Кут Билим» медиа борбору кирди.



