Кыргызстандын ички рыногунда күйүүчү-майлоочу май (КММ) боюнча абал күн сайын көзөмөлдөнүп, калкты жана экономиканын бардык тармактарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө КММнын жетиштүү запасы түзүлгөн. Күйүүчү майды жеткирүү мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу жүргүзүлүп, камсыздоо процесси үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө.
“Кыргызстан күйүүчү майдын негизги бөлүгүн импорттой тургандыктан, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, логистикалык тобокелдиктер жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү ички рынокко да таасирин тийгизүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинети менен Энергетика министрлиги камсыздоо булактарын диверсификациялоо боюнча иштерди күчөтүп, Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына расмий кайрылууларды жөнөттү. Ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр уланууда.
Ички өндүрүштү көбөйтүү максатында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Жунда» мунай иштетүүчү заводуна жана «Кыргызнефтегаз» ишканасына барып, өндүрүш процесси менен таанышты. Жыйынтыгында күйүүчү май өндүрүүнү көбөйтүү, технологиялык процесстерди жакшыртуу жана ички рынокту туруктуу камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлер менен биргеликте баа, логистика жана товардык запастар боюнча кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп жатат.
Энергетика министрлиги өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштер пландуу негизде уланып жатканын жана абал мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүндө экенин белгиледи.



