Башкы беткеМинистрлер кабинетиИИМ мамлекеттик мекемелерде коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө

ИИМ мамлекеттик мекемелерде коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы мамлекеттик мекемелерде коррупциянын алдын алуу жана кызматкерлердин укуктук маалымдуулугун жогорулатуу боюнча профилактикалык иш-чараларды улантууда.

Бул багыттагы кезектеги жолугушуулар И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинде өттү.

Иш-чараларда коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик, кесиптик этиканы сактоо, академиялык ак ниеттүүлүк жана мамлекеттик кызматтагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери түшүндүрүлдү.

Ошондой эле ИИМ өкүлдөрү коррупциялык кылмыштарды иликтөө тартиби тууралуу маалымат берип, мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартылган айрым учурлар боюнча мисалдарды келтиришти.

Катышуучуларга коррупция фактылары тууралуу билдирүүгө арналган ишеним телефондору көрсөтүлгөн маалыматтык буклеттер таратылды.

ИИМ мындай профилактикалык иш-чаралар коомдо коррупцияга каршы көз карашты калыптандырууга, укуктук маданиятты жогорулатууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар