Башкы беткеМинистрлер кабинетиТуроператорлорго туристтерди милдеттүү камсыздандыруу сунушталууда

Туроператорлорго туристтерди милдеттүү камсыздандыруу сунушталууда

Экономика жана коммерция министрлиги туроператорлордун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, туроператорлор туристтерди камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттендирилет. Министрлик мындай механизм издөө-куткаруу жана жабыркагандарды эвакуациялоо чыгымдарынын бир бөлүгүн камсыздандыруу компанияларынын эсебинен жабууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Документте камсыздандыруу жоопкерчилигинин төмөнкү чектери сунушталган:

  • салттуу туризм (маданий, пляждык жана ден соолукту чыңдоочу турлар) үчүн – 3 млн сом;
  • экстремалдык туризм (альпинизм, рафтинг, тоо лыжасы жана жетүүгө кыйын аймактардагы треккинг) үчүн – 5 млн сом.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир туристти камсыздандыруунун баасы күнүнө болжол менен 400–500 сомду, ал эми бир тур үчүн 3 миңден 10 миң сомго чейин түзөт. Министрлик бул жолдомонун жалпы наркын болгону 1–2%га гана жогорулатат деп эсептейт.

Мындан тышкары, экстремалдык туризм үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишими кеминде үч суткага издөө-куткаруу иштеринин чыгымдарын жабууга тийиш.

Эгер туроператор камсыздандыруу келишимин түзбөсө, ал мамлекеттик реестрден чыгарылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар