Башкы беткеМинистрлер кабинетиСаламаттык сактоо тармагы эки эсе көп каржыланууда

Саламаттык сактоо тармагы эки эсе көп каржыланууда

Саламаттык сактоо тармагындагы иштердин эң негизги көрсөткүчү – мамлекеттик финансылык колдоонун көлөмүнүн өсүшү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Улан Маматканов Президент Садыр Жапаровдун саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айландыргандыктан, соңку жылдары мамлекеттик финансылык колдоонун көлөмү кескин өскөндүгүн баса белгиледи.

“2021-жылы саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджеттен 21,5 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2025-жылы 52 млрд сомго жетти. Бул эки эседен ашык өсүш. Инфраструктура жаңыланууда. Беш жыл ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди. Азыр дагы 42 объектинин курулушу уланууда.

Ошол эле учурда Президент медицина кызматкерлеринин эмгегин татыктуу баалоого аракеттерди көрүп жатат. Быйыл дагы 1-апрелден тартып эмгек акыны дагы көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 18,5 млрд сом каралды”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Улан Маматкановдун маалыматына ылайык, жакынкы убакка чейин көптөгөн жарандарыбыз татаал операциялар үчүн чет өлкөлөргө чыгууга аргасыз болчу. Кыргызстанда бөйрөк трансплантациясы боюнча өткөн жылы 26 операция жасалса, быйылкы жылдын биринчи жарымында эле 16 операция ийгиликтүү өткөрүлдү. Ондогон үй-бүлөлөрдүн кайрадан үмүттөрү жанды. Гемодиализге бюджеттен 3 млрд 454 млн сом бөлүндү, аны 4200дөн ашык жаран үзгүлтүксүз алып жатат. Жогорку технологиялуу медициналык жардамды каржылоого 2021-жылы 163 млн сом бөлүнсө, 2025-жылы 2 млрд 400 млн сомго жетти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар