Башкы беткеМинистрлер кабинетиОрунбеков: "Кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча мамлекет демилге көтөргөн эмес"

Орунбеков: “Кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча мамлекет демилге көтөргөн эмес”

Кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча мамлекет тарабынан эч кандай демилге көтөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өзүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган экен. Социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат.

Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!”, – деп жазды Орунбеков.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар