Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭлчиликке жаңы формат: Кыргызстан көчмө элчилерди ишке киргизет

Элчиликке жаңы формат: Кыргызстан көчмө элчилерди ишке киргизет

Кыргызстан 2027-жылдан тарта көчмө элчилер институтун киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, жаңы формат чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кармоого кеткен чыгымдарды азайтып, эл аралык долбоорлор боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

Министр белгилегендей, көчмө элчи Кыргызстанда туруктуу жашап, ошол эле учурда башка мамлекетте өлкөнүн расмий өкүлү катары иш алып барат. Ал зарыл болгон учурда чет өлкөгө барып, өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташтык долбоорлорун илгерилетет.

Кулубаев бул тажрыйба Европа өлкөлөрүндө колдонулуп келгенин айтып, аны кызматташтык көлөмү чоң эмес, бирок келечектүү багыттары бар мамлекеттер менен иштөөдө пайдалануу пландалып жатканын белгиледи. Мындай форматты сыноо үчүн алгач Исландия каралууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар