Башкы беткеМинистрлер кабинети"5200" ишеним телефонуна жарым жылда 3480 кайрылуу түштү

“5200” ишеним телефонуна жарым жылда 3480 кайрылуу түштү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында үй-бүлөлүк зомбулук жана оор турмуштук кырдаалдар боюнча “5200” ишеним телефонуна 3480 кайрылуу түшкөн.

Эң көп катталган учурлар психологиялык зомбулукка байланыштуу болуп, мындай фактылар боюнча 1513 кайрылуу түшкөн. Ошондой эле физикалык зомбулук боюнча 335, экономикалык зомбулук боюнча 251, ал эми куугунтуктоо боюнча 142 кайрылуу катталган.

Жарандарга жардам көрсөтүүнүн алкагында 1309 адамга юридикалык кеңеш берилсе, 1302 жаран психологиялык жардам алды. 

Министрлик жарандарды укуктары бузулган учурда кайрылуудан тартынбоого чакырып, “5200”  ишеним телефону аркылуу психологиялык, социалдык жана укуктук жардам алууга болорун эскертти.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар