Кыргызстанда жаңы окуу жылындагы окуучулардын каникул графиги бекитилди. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, окуу жылы 15-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
Окуучулар төмөнкү күндөрү эс алышат:
11–15-ноябрь — күзгү каникул (16-ноябрда сабак башталат);
1–10-январь — кышкы эс алуу (11-январда окуу уланат);
3–8-март — жазгы каникул (9-мартта мектепке барышат);
1–9-май — май айындагы эс алуу (10-майда сабак башталат).
Министрлик эпидемиологиялык кырдаалга жараша 1-класстын окуучуларынын каникулу эки жумага, ал эми 2-класстын окуучуларыныкы бир жумага узартылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул чечимди жергиликтүү бийлик органдары кабыл алат.



