Башкы беткеМинистрлер кабинетиТИМ Орусиядагы кыргызстандыктарга "Амина" тиркемесин орнотууну эскертти

ТИМ Орусиядагы кыргызстандыктарга “Амина” тиркемесин орнотууну эскертти

2026-жылдын 1-сентябрынан баштап Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн кыргызстандыктардын айрым категориялары миграциялык каттоого туруу үчүн “Амина” мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонууга тийиш. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Жаңы талап 18 жашка чейинки жарандарга жайылтылбайт. Ал эми Москва жана Москва облусундагы билим берүү мекемелеринде окуган 18 жаштан жогорку студенттер, аталган аймактарда иштеп жаткан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Москвага же Москва облусуна жумушка байланышпаган жеке, конокко баруу, туристтик жана башка максаттарда келип, 90 календардык күндөн ашык болууну пландаган жарандар үчүн «Амина» тиркемесин орнотуу жана андагы тиешелүү жол-жоболордон өтүү милдеттүү болот.

Элчилик Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же бул аймактарга барууну пландаган кыргызстандыктарга тиркемени алдын ала орнотуп, зарыл болгон жол-жоболордон өтүп, миграциялык каттоону Россиянын мыйзамдарына ылайык өз убагында тариздөөнү сунуштады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар